Азербайжан-Түркия Ишкерлер Ассоциациясынын башчысы Катчылыкка келди
Дата
Көрүү
138
2022-жылдын 20-майында Азербайжан-Түркия Ишкерлер Ассоциациясынын (AТИА) башчысы Жемал Янгын мырза Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр мырзага сылык сапары менен келди.
Тараптар өз уюмдарынын ишмердиги жөнүндө бири-бирине маалымат беришти. Жолугушуунун жүрүшүндө Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу экономикалык өсүш, ишке ашырылып жаткан жана келечектеги долбоорлор жана тиешелүү тармактардагы кызматташтыгы талкууланды.
Сапардын алдында 19-майда Жемал Янгын мырзанын чакыруусу менен Башкы катчы АТИАнын Бакуда өткөрүлгөн Жалпы жыйынына катышкан.
Жыйынга Түркия Республикасынын Айыл жана токой чарба министри, профессор, доктор Вахит Киришчи мырза, Түркия Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жахит Багжы мырза, парламентарийлер, азербайжан жана түрк ишкерлери катышкан. Катышуучулар эки боордош өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштар боюнча пикир алмашышты. Ассоциациянын башчысы Янгын мырза түрк компаниялары Карабактагы калыбына келтирүү иштери боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүшө турганын белгиледи.
Жемал Янгын мырза Ассоциациянын Башкармалыгынын Төрагасы кызматына кайрадан шайланды.
АТИА 2004-жылы Азербайжанда иш алып барган түрк ишкерлер менен азербайжандык ишкерлер тарабынан Азербайжандын экономикасын жанданткан демилгелердин жаңы өнүгүүсүндө синергетиканы жаратуу максатында түзүлгөн.