Азербайжан Республикасынын Президенти ТҮРКПАнын делегациясын кабыл алды
Дата
Көрүү
156
2024-жылдын 6-июнунда Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев курамына Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Жыйынынын Төрагасы Зорлу Төре, Венгриянын Улуттук Жыйынынын Төрагасынын орун басары Марта Матрай жана Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр кирген ТҮРКПАнын делегациясын кабыл алды.
Президент Илхам Алиев ТҮРКПАнын 13-пленардык отурумуна катышуу үчүн Бакуга келген делегация мүчөлөрүн жылуу кабыл алып, алдыдагы пленардык отурум жемиштүү болоруна ишенимин билдирди. Мамлекет башчы Азербайжандын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынан бири түрк мамлекеттери менен байланыштарды чыңдоо жана жалпы түрк дүйнөсүнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзүү экенин белгилеп, бул багыттагы кызматташтыктын ийгиликтүү өнүгүп жатканына канааттануусун билдирди.
ТҮРКПА делегациясынын мүчөлөрү жылуу кабыл алгандыктары үчүн ыраазычылык билдирип, түрк дүйнөсүндөгү парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары да колдоого чечкиндүүлүгүн ырасташты.
Делегация ошондой эле Азербайжандын аймактык бүтүндүгү жана эгемендүүлүгүнүн толук калыбына келтирилиши менен куттуктоолорун дагы бир жолу кайталап, Карабак аймагынындагы калыбына келтирүү иштеринин тез жүргүзүлүп жатканына канааттануусун билдирди.