TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Азербайжан парламентинин Төрайымы ТҮРКПА Катчылыгында болду

Азербайжан парламентинин Төрайымы ТҮРКПА Катчылыгында болду

Дата
Көрүү
150
2022-жылдын 23-сентябрында Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова айым Катчылыкка келди. Парламент Төрайымын ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр жана Катчылыктын кызматкерлери тосуп алышты. Сахиба Гафарова айым коштоп барган делегациянын жана Катчылыктын кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. Гафарова айым түрк дүйнөсүндөгү парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү Ассамблеянын ролун жогору баалап, Азербайжан парламентинин уюмдун ишмердүүлүгүн мындан ары да колдоого даяр экенин билдирди. Өз кезегинде Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Милли Мажлис тарабынан Катчылыктын активдүү ишмердигине көрсөтүлгөн ар кандай колдоо үчүн ыраазычылык билдирди. Төраймдын иш сапарынын алкагында ошондой эле Катчылыктын имараты менен таанышуу жана Катчылыктын ички короосунда көчөт отургузуу аземине катышуу болуп өттү.