TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Ашхабадта ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссияларынын 10-жыйыны өттү

Ашхабадта ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссияларынын 10-жыйыны өттү

Дата
Көрүү
149
2024-жылдын 16-майында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Түркмөнстандын Ашхабад шаарында Түркмөнстандын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясы жана Эл аралык Түрк маданияты уюму (ТҮРКСОЙ) биргелешип уюштурган ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссияларынын 10-жыйынына катышты. Жыйынга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Түркмөнстан, Венгрия жана Монголиянын делегациялары катышты. Иш-чарага Түркмөнстандын Тышкы иштер министри жана Түркмөнстандын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын Төрагасы Рашид Мередов, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев, Түрк маданияты жана мурасы фондунун Президенти Актоты Райымкулова, Түрк академиясынын Вице-президенти Асхат Кесикбаев, Түркиянын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын Төрагасы Өкал Огуз, Азербайжан Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын Башкы катчысы Сеймур Фаталиев, ЮНЕСКОнун Алматы областтык кеңсесинин жетекчиси (жооптуу кызматкер) Амир Пирич, Казакстан Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Жанар Шайменова, Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева жана башка коноктор катышты. Түркмөнстандын Тышкы иштер министри, Түркмөнстандын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын Төрагасы Рашид Мередов, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, Азербайжан Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын катчысы Сеймур Фаталиев жана Түркмөнстандын ЮНЕСКОнун алдындагы Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Чынар Рустамова куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Жыйында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр да сөз сүйлөдү. Башкы катчы маданий мурастарды коргоого жана билим берүүнү өнүктүрүүгө арналган бул жыйын билим берүүнүн маанилүүлүгүн, маданий көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын, толеранттуулукту, өз ара урматтоону жана түшүнүүнү жайылтууга салым кошоруна ишенимин билдирди. Катышуучулар материалдык жана материалдык эмес мурастарга байланышкан маселелерди, ошондой эле келечектүү биргелешкен долбоорлорду талкуулашып, тиешелүү уюмдардын жана улуттук комиссиялардын биргелешкен күч-аракеттери түрк өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий туризмди өнүктүрүүгө салым кошоруна ишенимин билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө платформадагы төрагалык Азербайжандан Түркмөнстанга өткөрүлүп берилиди. Иш-чаранын алкагында "Түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын коргоо конвенциясынын алкагында кызматташуу" аттуу семинар да уюштурулду. Семинарды Түрк маданияты жана мурасы фондунун Президенти Актоты Райымкулова алып барды.