Астанада ТҮРКПА Кеңешинин жыйыны өттү
Дата
Көрүү
163
2025-жылдын 12-июнунда Астана шаарында Казакстан Республикасынын Парламенти тарабынан уюштурулган ТҮРКПАнын Он төртүнчү пленардык отурумунун алкагында Ассамблея Кеңешинин жыйыны өттү.
Жыйынга Кеңештин мүчөлөрү Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш жана ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр катышышты.
ТҮРКПАнын учурдагы Төрайымы, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сахиба Гафарованын ачылыш сөзүнөн кийин ТҮРКПАнын төрагалыгын Азербайжандын Милли Межлисинен Казакстан Республикасынын Парламентине өткөрүп берүү аземи болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө парламенттердин төрагалары өз сөздөрүн сүйлөштү. Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов ТҮРКПАнын төрагалыгын алып, ТҮРКПАнын жаңы, учурдагы Төрагасы катары саламдашуу сөзүн сүйлөдү.
Кеңеш күн тартибиндеги маселелер боюнча, анын ичинде ТҮРКПАнын Шайлоолорго байкоо жүргүзүү миссияларынын жыйынтыктары боюнча отчетторунун долбоорлорун, 2026-жылга карата бюджеттин долбоорун, Он төртүнчү пленардык отурумдун Астана декларациясынын долбоорун бекитүү, 2026-жылга карата иш-чаралар планын кабыл алуу, ошондой эле ТҮРКПАнын туруктуу комиссиялардын төрагаларынын орун басарларынын, Башкы катчынын, Башкы катчынын орун басарынын кызмат орундарына талапкерлерди бекитүү жана комиссиялардын катчыларын шайлоо чечимдерин кабыл алды.
Айгерим Таалайбекова ТҮРКПАнын Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын катчысы болуп шайланды жана Кадир Яман ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын катчысы болуп кайрадан шайланды.