АӨИЧКнын Аткаруучу директору менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү
Дата
Көрүү
152
2022-жылдын 23-24-июнунда Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн 11-пленардык отурумдун алкагында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишенимди бекемдөө конференциясынын (АӨИЧК) Аткаруучу директору Кайрат Сарыбай мырза менен Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр мырза эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Сарыбай мырза ТҮРКПАнын 11-пленардык отурумуна катышууга чакыргандыгы үчүн Башкы катчыга ыраазычылык билдирип, АӨИЧКнын акыркы мезгилдеги ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди. Өз кезегинде Башкы катчы дагы Сарыбай мырзага бул маанилүү иш-чарага катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, АӨИЧК менен болгон алакалардын маанилүүлүгүн белгиледи.
Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө маселелери боюнча пикир алмашышып, уюмдардын ортосундагы ишмердүүлүктү кеңейтүү жолдорун талкуулашты.