TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Анталияда Ассамблея Кеңешинин бейрасмий жыйыны өттү

Анталияда Ассамблея Кеңешинин бейрасмий жыйыны өттү

Дата
Көрүү
119
2018-жылдын 8-октябрында Түркиянын Анталия шаарында Азербайжан Милли Межилисинин Төрагасы Октай Асадов, Казакстан Парламент Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, ТҮРКПАнын мөөнөттөгү Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Түркиянын Улуттук Улуу Жыйынын Төрагасы Бинали Йылдырымдын катышуусундаТүрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Кеңешинин бейрасмий жыйыны өттү. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, ТУРКПАнын мөөнөттөгү Төрагасы Дастанбек Жумабековдун жетекчилиги астындагы жыйын Евразия өлкөлөрүнүн Парламенттеринин Төрагаларынын 3-жыйынын алкагында өттү. Аталган отурумга 39 өлкөнүн Парламенттеринен келген делегациялар менен эл аралык уюумдардын өкүлдөрү катышышты. ТҮРКПАга мүчө Парламенттердин Төрагалары 2018-жылдын 20-21-октябрында Түркиянын Измир шаарында боло турган ТҮРКПАнын 8-жыйынынын күн тартибин талкуулашты. Тараптар ошондой эле Ассамблеянын учурдагы жана келечектеги ишмердүүлүгү боюнча да пикир алышып, ТҮРКПАнын өнүгүү келечеги тууралуу да өз ойлорун билдиришти. Ошону менен бирге Парламент Төрагалары ТҮРКПА акыркы он жылда бир топ кыйынчылыктарга карабай көптөгөн ийгиликтерге жетишкендигин белгилешип, ТҮРКПАнын алдында кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү керектиги боюнча ишенимдерин билдиришти.