Антальяда төртүнчү дипломатиялык форум болуп өттү
Дата
Көрүү
168
2025-жылдын 11-13-апрелинде Түркиянын Анталья шаарында Президент Режеп Тайип Эрдогандын колдоосу астында Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин уюштуруусунда "Ажырым дүйнөдө дипломатияны калыбына келтирүү" деген ураан астында төртүнчү Анталия дипломатиялык форуму (АДФ-2025) өттү.
Форумга дүйнөлүк лидерлер, саясатчылар, окумуштуулар, бизнес-эксперттер, ошондой эле ММК жана жарандык коомдун өкүлдөрү чогулду.
Форумда 140 өлкөдөн 4000ден ашык катышуучу, анын ичинде 20дан ашык мамлекет жана өкмөт башчылары, 70тен ашык министрлер, алардын 50дөн ашыгы Тышкы иштер министрлери жана 60ка жакын эл аралык уюмдардын жогорку даражалуу өкүлдөрү болду.
Форумга ошондой эле 60ка жакын жогорку деңгээлдеги эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Үч күндүк иш-чаранын алкагында климаттын өзгөрүшү, терроризмге каршы күрөшүү, гуманитардык жардам, санариптештирүү, азык-түлүк коопсуздугу жана жасалма интеллект сыяктуу глобалдык маанилүү күн тартибиндеги темалар боюнча 50дөн ашык отурумдар өткөрүлдү.
Форумдун панелдик отурумдарында өсүп жаткан геосаясий пикир келишпестиктер, глобалдык теңсиздиктин тереңдеши, жарандык калкка карата зомбулуктун күчөшү, башка көз караштарга сабырсыздык, технологиялык үзгүлтүктөрдөн келип чыккан белгисиздик жана климаттык кризистин көп өлчөмдүү кесепеттери талкууланды.
Форумга ТҮРКПАнын атынан Комиссиянын катчысы Айнура Абуталибова өкүлчүлүк кылды, ал лидерлердин "Көп уюлдуулук доорунда өнөктөштүк мамилелерди издөө" панелдик талкуусуна, "Глобалдык башкаруудагы парламенттик дипломатия" тегерек столуна, расмий ачылыш аземине, "Түрк мамлекеттер уюму: кызматташуунун уникалдуу модели" панелдик талкуусуна, "Жаңы доордогу климаттык дипломатия жана энергетикалык коопсуздук" талкуу форумуна,"Ажырым дүйнөдө келечекти куруу: билим берүүнүн трансформациялык күчү" аталышындагы жогорку деңгээлдеги сессиясына, "Латын Америка өлкөлөрүнүн глобалдык экономикалык өнөктөштүккө аймактык көз караштары" тегерек столуна катышты.