TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Анкарада ТҮРКСОЙдун 30 жылдыгына арналган салтанаттуу кече өттү

Анкарада ТҮРКСОЙдун 30 жылдыгына арналган салтанаттуу кече өттү

Дата
Көрүү
159
2023-жылдын 12-декабрында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Анкарада ТҮРКСОЙдун 30 жылдыгына арналган салтанаттуу кечеге катышты. Иш-чарага мамлекеттик кызматкерлер, парламентарийлер, түрк кызматташтык уюмдарынын, дипломатиялык корпустун, илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү жана башка коноктор катышты. Өзүнүн куттуктоо сөзүндө ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев достордун кеңири чөйрөсүндө мындай маанилүү окуяны белгилеп жатканына абдан кубанычта экенин билдирди. Ал түрк кызматташтыгы маданият тармагында гана эмес, саясат, билим берүү, экономика, коопсуздук сыяктуу башка тармактарда да прогрессивдүү өнүгүүнү улантып жатканын белгиледи. Раев мырза Түркия Республикасынын Өкмөтүнө 30 жылдан бери көрсөтүп кележаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, түрк кызматташтыгы мындан ары да өнүгүп, чыңдалып, сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө ишенимин билдирди. Иш-чарада сөз сүйлөгөн катышуучулар ТҮРКСОЙду куттуктап, уюмдун мындан ары да ийгиликтүү ишмердүүлүгүн уланта берерине ишенимин билдиришти. Иш-чаранын алкагында көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер ТҮРКСОЙдун даңк төш белгилери менен сыйланышты. Иш-чара музыка жана бий программа менен аяктады.