TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Аланияда 21-эл аралык туризм жана искусство фестивалы өттү

Аланияда 21-эл аралык туризм жана искусство фестивалы өттү

Дата
Көрүү
146
2023-жылдын 2-4-июнунда Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Алания муниципалитети тарабынан уюштурулган 21-эл аралык туризм жана искусство фестивалына катышты. Иш-чарага 16 өлкөдөн 300дөн ашык конок, анын ичинде түрк кызматташтык уюмдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, Алания боордош шаарларынан келген делегациялар, ассоциациялардын жана башка мекемелердин өкүлдөрү катышты. Фестиваль Ататүрк мемориалынын алдында салтка айланган Йорук жер которуусу жана Кортеж жүрүшү менен башталды. Андан соң Искеле шаркыратмасынын аянтында фестивалдын ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземинде Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр сөз сүйлөдү. Ачылыш аземинде Аланиянын мэри Адем Мурат Южел, Аланиянын губернатору Фатих Үркмезер, Эл аралык түрк академиясынын Президенти Шахин Мустафаев, Түрк маданияты жана мурасы фондунун Президенти Гүнай Афандиева, Түрк мамлекеттердин уюмунун Башкы катчысынын орун басары Өмер Кожаман жана ТҮРКСОЙдун Башкы катчысынын Башкы кеңешчиси Кемал Үн сөз сүйлөдү. Аланиянын мэри Адем Мурат Йүжел мындай маанилүү иш-чаранын түрк мамлекеттердин өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп жатканына аябай кубангандыгын билдирди. Коноктор 11 фотокөргөзмө, ошондой эле маданий жана турмуштук буюмдар жана улуттук тамак-аштар тартууланган Түрк мамлекеттердин жана Йорук улуттук павильондорунда болушту.