Айлана-чөйрө жана табигый ресурстары боюнча комиссиянын алкагында семинар өттү
Дата
Көрүү
125
2021-жылы 25-майда ТҮРКПА Айлана-чөйрө жана табигый ресурстар боюнча Комиссиясынын 6-жыйынына даярдоо алкагында онлайн форматта семинар өткөрүлдү. Семинардын программасына “Энергетикалык ресурстарды үнөмдүү пайдалануу жана энергияны үнөмдөө” боюнча моделдик мыйзамынын долбоорун талкуулоо маселеси дагы киргизилген.
Иш чарага мүчө парламенттердин эксперттери, тийешелүү министрликтердин өкүлдөрү жана ТҮРКПА Катчылыгы катышышты.
Баш катчынын орун басары Али Йылдыз мырза иш-чаранын башталышында ачылыш сөзүн айтты. Катышуучулар Комиссиянын кийинки отурумунун негизги темасы боло турган мүчө өлкөлөрдөгү суу жана жер ресурстарын башкаруу боюнча пикир алмашышты, ошондой эле талкууланган документтер боюнча сунуштарын беришти.