Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиянын эксперттик тобунун отуруму болуп өттү
Дата
Көрүү
151
2023-жылдын 15-декабрында “Тамеки чегүүнү чектөө жөнүндө” моделдик мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Эксперттик топ биринчи онлайн жыйынын өткөрдү.
Моделдик мыйзам ТҮРКПАнын 2023-2028-жылдарга стратегиялык жол картасына ылайык, Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиянын алкагында иштелип чыгат.
Жыйынга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жана тиешелүү министрликтеринин мүчөлөрүнөн турган эксперттер, ошондой эле Катчылыктын өкүлдөрү катышты. Жолугушууда катышуучулар документтин долбоору боюнча пикир алмашышты. Эксперттер кезектеги жыйынды 2024-жылдын 12-январында өткөрүүнү макулдашышты.
“Тамеки чегүүнү чектөө жөнүндө” моделдик мыйзам долбоору Азербайжан Республикасынын Милли Межлиси тарабынан алдын ала даярдалган.