TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын Бешинчи пленардык отуруму Бакы-2014

ТҮРКПАнын Бешинчи пленардык отуруму Бакы-2014

Дата
Көрүү
98

2014-жылдын 12-13-июнунда Азербайжан Республикасынын борбор каласы Бакыда Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Тѳрагасы Октай Асадов коноктоосунда ТүркПАнын бешинчи сессисясы болуп ѳттү.

Бешинчи пленардык сессияга Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажлисинин Тѳрагасы Кабибулла Джакупов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Асылбек Жээнбеков жана Түркия Улуу Улуттук Ассамблеясынын Спикери Жемиль Чичек катышышты.

Ассамблея Кеңешинде тѳрагалык Түркиянын Улуу Улуттук Ассамблеясынан Азербайжан Республикасынын Милли Межлисине ѳтүп жана пленардык сессия менен уланды.

Негизги тема катары ТүркПАнын ишкердүүлүгү каралып тѳрагалар тарабынан ТүркПАнын мындан ары институциалдык ѳнүгүсүнүн натыйжалуулугу жѳнүндѳ сѳздѳр айтылды.

Ассамблея ТүркПАнын комиссияларын кайта куруу (реструктуризациалоо) жѳнүндү чечим кабыл алды жана ал чечимге ылайык Эл аралык байланыштар жана укуктук маселелер, Экономикалык кызматташтык, Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер, Айлана чѳйрѳ жана табигый ресустар боюнча комиссиялар түзүлдү.

Пленардык сессияда туруктуу комиссиялардын баяндама жана сунуштоолору, Азербайжан Республикасынын Президентин шайлоо боюнча ТүркПАнын эл аралык байкоочу миссиясынын баяндамасы жана ТүркПАнын 2015-жылга карата бюджетин кабыл алды.

Венгрия Улуттук Ассамблеясынын тѳрагасынын орун басары Сандор Лежак баш болгон делегация бешинчи пленардык сессияга катышып Ассамблея Кеңешинин чичими менен ТүркПАда байкоочу статусуна ээ болду.

Пленардык сессия Бакы Декларациясынын кабыл алынуусу менен аяктады.

Декларациялар

13 June 2014
Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын Баку Декларациясы