TURKPA

TURKPA faoliyati haqida maʼlumot olish uchun bizni ijtimoiy tarmoqlarda kuzating

TURKPA faoliyati haqida maʼlumot olish uchun bizni ijtimoiy tarmoqlarda kuzating

Ijtimoiy tarmoq
Ulukbek Karybek uulu

Ulukbek Karybek uulu

Member of the Jogorku Kenesh of the Kyrgyz Republic
Chairman of the TURKPA Commission on Education, Culture, Social and Humanitarian Affairs

1990-жылы 13-октябрда Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган.

Жогорку билимдүү. 2009-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Башкаруу жана бизнес институтун «Сапатты башкаруу» адистиги боюнча аяктап, «Инженер-менеджер» квалификациясына ээ болгон.

Эмгек жолу:

2011-2013-жылдары «Эхо Манаса» телеканалында кабарчы;

2013-2016-жылдары «Түшүнүк» автордук теледебатынын автору жана алып баруучусу;

2016-2017-жылдары «Чоң-Алай» коомдук бирикмесинин жетекчиси;

2017-2018-жылдары «Марва» телеканалынын директору;

2019-2024-жылдары журналисттик иликтөөлөр аркылуу алтын кендериндеги уурулук фактыларын, «Коопсуз шаар» долбоорундагы коррупциялык схемаларды, ошондой эле укук коргоо, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарындагы мыйзам бузууларды ачыкка чыгарып, коомдук көзөмөлдү күчөтүүгө салым кошкон.

2024-2025-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланып, «Эл Үмүтү» фракциясын жетектеген;

2025-жылы декабрь айында №24 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышына депутат болуп шайланган.

Сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамотасы,

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ардак грамотасы.

Үй-бүлөөлү, үч баланын атасы.