TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак

Улан Примов

Улан Примов

Улан Примов

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо комиссиясынын мүчөсү

2000-жылы – Ош технологиялык университетиндеги каржы жана экономика факультетин бүтүргөн.

2004-жылы – ОшМУнун Юридикалык факультетин «Юриспруденция» адистиги боюнча сырттан бүтүргөн.

2007-жылы Ош шаардык кеңешинин II чакырылышына депутат болуп шайланган. Бюджет, экономика жана каржы боюнча туруктуу депутаттык комиссияны жетектеген.

2012-жылы - III чакырылыштагы Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп кайра шайланган. 2014-жылдын январь айында Ош шаардык кеңешинин III чакырылышынын төрагасы болуп шайланган.

2015-жылдын 4-октябрында VI чакырылыштын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Ошол эле жылдын ноябрында Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланган.

2021-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышына депутат болуп №11 Алай бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган.

2022-жылдын январынан 2022-жылдын октябрына чейин – - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары болгон.

2022-жылдын октябрынан азыркы күнгө чейин - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Экономика илимдеринин кандидаты.

Алай районунун мамлекеттик администрациясынын, Ош облустук финансы башкармалыгынын, Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун отличниги. Андан сырткары “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 95 жыл” мааракелик медалы менен жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан I даражадагы “Артыкчылык үчүн” медалы менен сыйланган.