Тахир Акъюрек
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутатыТҮРКПАнын Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо комиссиясынын Төрагасынын орун басары
Адвокат; Анкара университетинин Юридика факультетин бүтүргөн.
Мамлекеттик жана жеке адвокат болуп иштеген. «Фазилет» партиясы жана «Саадет» партиясынын облустук кеңселеринин төрагасы болгон. 2004–2018-жылдар аралыгында үч мөөнөт Конья шаардык мэри болуп шайланган. Ошондой эле Түркия шаарлар биримдигинин төрагасы, Дүйнөлүк шаарлар биримдиги (UCLG) тең төрагасы, Европа Кеңешинин Жергиликтүү жана Аймактык Өкмөттөр Конгрессинин (YBYK) Түркия Улуттук Делегациясынын мүчөсү, Ислам шаарлары жана баш калаалар уюмунун (Organization of Islamic Capitals and Cities – OICC) башкаруу кеңешинин мүчөсү, Эл аралык тарыхый шаарлар биримдиги (League of Historical Cities – LHC) башкаруу кеңешинин мүчөсү, Жибек жолу шаарлары биримдигинин түзүүчүсү жана башкаруу кеңешинин мүчөсү, Анадолу Маданияттары шаарлары биримдигинин төрагасы кызматтарын аркалаган.
2018-жылдын 24-июнунда жыйырма жетининчи чакырылышта жана 2023-жылдын 14-майында жыйырма сегизинчи чакырылышта Конья облусунан депутат болуп шайланган. АК партиясынын Борбордук башкаруу кеңешинин мүчөсү жана ТУУЖдун курулуш, архитектура, транспорт жана туризм боюнча комиссиясынын төрагасы болуп иштеген. Учурда Айлана-чөйрө боюнча комиссиянын мүчөсү.