Талгат Адуов
Башкы катчынын орун басарыКазакстан Республикасынын Парламентинин өкүлү
Казакстан Республикасынын Парламентинин өкүлү1998-жылы Стамбул шаарындагы Мармара университетинин эл аралык экономика факультетин бүтүргөн. 2003-жылы Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин Исламабаддагы Дипломатиялык академиясында квалификациясын жогорулатуу курсун аяктаган.Талгат Адуов Казакстан Республикасынын түрдүү мамлекеттик органдарында жетекчилик кызматтарда иштеген.2021-жылы Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасынын кеңешчиси болуп иштеген. 2018-2020-жылдары "Отандастар Коры" (Мекендештер фонду) коммерциялык эмес акционердик коомунун биринчи вице-президенти болгон. 2017-2018-жылдары Казакстан Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары кызматын аркалаган. 2016-2017-жылдары “КазАвтоЖол” улуттук акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. 2007-2016-жылдары Казакстан Президентинин Аппаратында мамлекеттик инспектор жана Президенттин Протокол кызматынын бөлүм башчысынын орун басары кызматтарында иштеген. 2006-2007-жылдары Казакстандын Тышкы иштер министрлигинде Эл аралык экономикалык уюмдар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2003-2006-жылдары Казакстандын Түркиядагы элчилигинде консулдук бөлүмдүн башчысы жана 2-катчы кызматтарын аркалаган. 2006–2007-жылдары Казакстандын Тышкы иштер министрлигинде Инвестиция комитетинин 3-катчысы кызматында иштеген. 1998–2001-жылдары жеке сектордо жетекчи кызматтарында иштеген. 2-даражадагы кеңешчи дипломатиялык ченине ээ, 2012-жылы «Ерен еңбегі үшін» (Сиңирген эмгеги үчүн) медалы менен сыйланган.2021-жылы ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары болуп шайланган.