TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Осман Местен

Осман Местен

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты
ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын Төрагасы

Стамбул университетинин Юридика факультетин бүтүргөн. Юрист.

Стамбул областынын директорлор кеңешинин мүчөсү жана Улуттук Жаштар Фондунун вице-президенти, ошондой эле "Фазилет" партиясынын Эминөнү району боюнча директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. Бурсадагы IHH (Адамзаттык жардам фондунун) түзүүчү төрагасы жана Түркия Жазуучулар Бирлигинин Бурса филиалынын директорлор кеңешинин мүчөсү кызматтарын аткарган. Ошондой эле Бурса филиалындагы Сүлейман Челеби Ассоциациясынын жана Жети Ай Ассоциациясынын түзүүчү комитеттеринде активдүү катышкан.

2015-жылдын 1-ноябрында жыйырма алтынынчы чакырылыштагы Улуттук Улуу Жыйырманын (Түркия парламенти) Бурса облусунан депутат болуп шайланган жана Арзиялар комиссиясынын мүчөсү болгон. 2018-жылдын 24-июнунда жыйырма жетининчи чакырылышта Бурса облусунан депутат болуп шайланып, Түркия-Өзбекстан Парламенттер аралык Достук Тобунун төрагасы болуп кызмат кылган. 2023-жылдын 14-майында жыйырма сегизинчи чакырылышта дагы бир жолу Бурса облусунан депутат болуп шайланып, Конституция боюнча комиссиянын спикери болуп тандалган.

Араб жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт.