TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Махмут Рыдван Назырлы

Махмут Рыдван Назырлы

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты
ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын мүчөсү

Бизнес-администратор; Сельжук университетинин Экономика жана башкаруу факультетинин Экономика бөлүмүн бүтүргөн.

Жеке сектордо жогорку жетекчилик кызматтарда иштеген. 2016-жылы өзүнүн компаниясын негиздеп, курулуш тармагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн.

2010–2012-жылдары Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) Жаштар канатынын Анкара шаарындагы кеңсесинин төрага орун басары болуп иштеп, Саясий жана укуктук иштер боюнча жоопкерчилик алган. 2012–2014-жылдар аралыгында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын борбордук кеңсесинде Жаштар канатынын социалдык маселелер боюнча төрагасы кызматын аткарган, ал эми 2021–2023-жылдар аралыгында аталган партиянын Стамбул провинциялык бөлүмүнүн төрага орун басары катары эл аралык байланыштар боюнча төрага кызматын аркалаган.

2023-жылдын 14-майында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын жыйырма сегизинчи чакырылышына Элазыг провинциясынан депутат болуп шайланган. ТУУЖда Тышкы иштер боюнча комитеттин мүчөсү, ошондой эле НАТОнун Парламенттик Ассамблеясынын мүчөсү жана Түркия–Эквадор Парламентаралык достук тобунун Негиздөөчү кеңешинин төрагасы болуп саналат.

Англис тилинде эркин сүйлөйт.