TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Махмут Өзер

Махмут Өзер

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты
ТҮРКПАнын Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын мүчөсү

Электр жана электроника инженериясы боюнча магистр даражасына ээ. Стамбул техникалык университетинин Электроника жана байланыш инженериясы бөлүмүн бүтүргөн. Магистрдик жана докторлук даражасын Карадеңиз техникалык университетинин Жаратылыш илимдери институтунун Электр жана электроника инженериясы бөлүмүнөн алган. Мамлекеттик аэропорттор башкармалыгынын башкы директору, Даламан аэропортунда электрондук инженер, Гази Османпаша университетинде окутуучу, Зонгулдак Караэлмас университетинин Инженерия факультетинин Электр жана электроника инженериясы бөлүмүнүн мүчөсү болуп, Зонгулдак Бүлент Эжевит университетинде эки мөөнөт ректорлук кызматты аткарган.

ЖОЖдор аралык кеңештин мүчөсү, Директорлор кеңешинин мүчөсү жана Кесиптик квалификация беүү башкармалыгынын төрагасынын орун басары, Түрк стандарттары институтунун Башкы жыйынынын мүчөсү, Билим берүүдө баалоо, тандоо жана жайгаштыруу борборунун төрагасы, Улуттук Билим берүү министрлигинин министринин орун басары, Улуттук Билим берүү министрлигинин министри.

2023-жылдын 14-майында Орду шаарынан 28-чакырылыштын депутаты болуп шайланган жана Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын Билим берүү, маданият, жаштар жана спорт боюнча комиссиясынын төрагасы болуп дайындалган.

Англис тилин эркин сүйлөйт, араб жана француз тилдерин орто деңгээлде өздөштүргөн.