TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Кадим Дурмаз

Кадим Дурмаз

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты
ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо комиссиясынын мүчөсү

Токат мугалимдерди даярдоочу окуу жайын бүтүргөн. Агартуу ишмери – ишкер.

10 жыл мугалим катары иштеп, жеке секторго өтүп кеткен. 33 жыл бою компаниянын жетекчиси катары ишкерлик менен алектенген. SODEP (Социал-демократиялык партия) мүчөсү болгон, SHP (Социал-демократиялык эл партиясы) менен CHP (Республика эл партиясы) бириккен учурда облустук кеңсесинин төрага орун басары кызматын аткарган. 1995–1999-жылдары CHPнин Токат облусундагы кеңсесинин төрагасы болуп иштеген жана эки жолку партиялык кеңештин делегаты болгон.

Ататүрктүн идеяларын жайылтуу ассоциациясынын, Азиз Несин фондунун, Угур Мумжу журналисттик изилдөө фондунун, Жаратылышты коргоо фондунун, "TEMA" фондунун, Түркиянын майыптар ассоциациясынын, Токат шаар кеңешинин, TESKAD, Түркиянын кайрымдуулук ассоциациясынын жана Токат маданият жана искусство ассоциациясынын мүчөсү.

2015-жылдын 1-ноябрында Түркия Улук Улуттук Жыйынынын жыйырма алтынчы чакырылышына Токат шаарынан депутат болуп шайланган жана План жана бюджет боюнча комиссиянын мүчөсү болгон. 2018-жылдын 24-июнунда жыйырма жетинчи чакырылыштын, ал эми 2023-жылдын 14-майында жыйырма сегизинчи чакырылыштын Токат шаарынан депутаты болуп кайра шайланган.