Гүнай Эфендиева
Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин депутатыТҮРКПАнын Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын Төрагасынын орун басары
1991–1997-жылдары Азербайжан Медициналык Университетинде окуп, артыкчылык менен бүтүргөн. Бүлбүл атайын орто музыкалык мектебин алтын медаль менен аяктаган.
2004-2008-жылдары Азербайжан Республикасынын Стамбулдагы Башкы консулдугунда консул, ал эми 2009-2015-жылдары Азербайжан Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын биринчи катчысы болуп иштеген. 2015-жылдын 11-сентябрында Астанада өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (азыркы Түрк мамлекеттер уюму) мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын V саммитинде Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фондунун биринчи президенти болуп дайындалган. 2023-жылдын 3-ноябрында Астанада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун 10-саммитинде Фонддун төрагалыгы Казакстан Республикасына өткөрүлүп берилишине байланыштуу бул кызматты ошол күнгө чейин аркалаган.
2024-жылдын сентябрь айында Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин 7-чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Милли Межлистин Маданият комитетинин төрагасынын орун басары, Саламаттыкты сактоо комитетинин мүчөсү жана ТҮРКПАнын Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары кызматын ордун ээлейт.
Түрк мурасы, маданияттар аралык диалог жана маданий дипломатия темалары боюнча жергиликтүү жана эл аралык басылмаларда жарык көргөн көптөгөн макалалардын жана басылмалардын автору.
Түрк маданий мурасын жана маданияттар аралык диалогду жайылтууга кошкон салымы үчүн "Өзбекстандын Маданий Элчиси" ардактуу наамы жана медалы менен (2025), "Мажарстандын Командордук крести" ордени (2024), Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы (2023), Казакстан Республикасынын Назир Төрөкулов атындагы медалы менен (2023), "ТҮРКСОЙдун 30 жылдыгы" медалы (2023), “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер” наамы (2023), "Манас" ордени (2023) , Кыргыз Улуттук Университетинин Ардактуу профессору (2022), "Чыңгыз Айтматов" медалы (2021), "Абай Кунанбаев" медалы (2020), жана "Азербайжандын дипломатиялык кызматынын 100 жылдыгы" медалы менен (2019), Азербайжан Республикасынын Экинчи класстагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчисинин дипломатиялык рангы (2015), "Азербайжан Республикасынын дипломатиялык кызматынын 90 жылдыгы” медалы (2009), ошондой эле улуттук жана эл аралык деңгээлдеги бир катар ордендерге, медалдарга жана ардак грамоталарга, анын ичинде ЮНЕСКОнун медалдарына ээ.
Азербайжан, түрк, орус жана англис тилдеринде сүйлөйт.