Филиз Кылыч
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутатыТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын мүчөсү
Хажеттепе университетинин адабият факультетин бүтүргөн. Гази университетинин Коомдук илимдер институтунда эски түрк адабияты боюнча магистратура жана докторантураны аяктаган.
Гази университетинин Түрк маданияты жана Хажы Бекташ Вели изилдөө борборунун директору, Гази университетинин Академиялык баалоо жана сапатты жогорулатуу кеңешинин мүчөсү, бөлүм башчысынын орун басары, Кредиттик-мамлекеттик мекеменин директорлор кеңешинин мүчөсү, Маданият министрлигинин Басма-кеңешме кеңешинин мүчөсү, Невшехир Хажы Бекташ Вели университетинин Табигый илимдер жана адабият факультетинин Түрк тили жана адабияты бөлүмүнүн бөлүм башчысы, ЖОЖдор аралык билим берүү кеңешинин мүчөсү, ЖОЖдор аралык кеңешинде доценттин ачкыч сөздөрүн аныктоо боюнча комиссиянын мүчөсү. Жогорку билим берүү кеңешинин сыйлыктарды аныктоо боюнча калыстар тобунун мүчөсү. 2008-2017-жылдары Невшехирдеги Хажы Бекташ Вели университетинде негиздөөчү ректор болуп иштеген. Көптөгөн китептер, макалалар жана баяндамалардын автору.
Түркиянын Улуу Улуттук Жыйыныдагы Невшехир шаары боюнча биринчи аял депутат болуп шайланган. 2021–2024-жылдары “Улутчул кыймыл” партиясынын Төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.
Учурда “Улутчул кыймыл” партиясынын парламенттик тобунун Төрагасынын орун басарынын милдетин аткарып жатат.
Ал англис тилин жакшы билет, фарсчаны орто деңгээлде жана Осмон түркчөсүн абдан жакшы билет.