TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Элчи Рамил Хасан

Элчи Рамил Хасан

Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы

Рамил Хасан мырза 2025-жылдын 12-июнунда ТҮРКПАнын 14-пленардык отурумунда кабыл алынган Ассамблеянын чечимине ылайык ТҮРКПАнын Башкы катчысы болуп шайланган. 

Хасан мырза 1978-жылдын 23-сентябрында төрөлгөн.

Баку мамлекеттик университетинин Тарых факультетинен бакалавр даражасын жана Эл аралык мамилелер факультетинен магистр даражасын алган.

1999-2002-жылдары Хасан мырза Гарадаг (Баку шаары) муниципалитетинин депутаты жана төраганын орун басары болгон. 

1999-2003-жылдары Азербайжан-Түркия жаштар достугу коомунун негиздөөчүсү жана теңтөрагасы болуп кызмат кылган.

1999-2005-жылдары "Жаңы Азербайжан" партиясынын Саясий кеңешинин мүчөсү болгон.

2002-жылдан 2010-жылдын январына чейин Хасан мырза Азербайжан Республикасынын Диаспора маселелери боюнча мамлекеттик министрликте бөлүм башчы болуп иштеген.

2005-2010-жылдары "Жаны Азербайжан" партиясынын Жаштар уюмунун (Азербайжандагы борборчул партия) төрагасы болгон.

2008-2014-жылдары Хасан мырза Баку мамлекеттик университетинин Эл аралык мамилелер факультетинде "Азыркы Азербайжандын тышкы саясаты" боюнча лекция окуган.

Рамил Хасан мырза 2009-жылдын 29-сентябрында Бакуда өткөн Ассамблеянын 1-пленардык отурумунда Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) биринчи Башкы катчысы болуп төрт жылдык мөөнөткө шайланган.

2010–жылдын 15- январынан 2013-жылдын 1-октябрына чейин Хасан мырза ТүркПА Эл аралык Катчылыгынын Башкы катчысы-дипломатиялык миссиянын башчысы катары ишин уланткан.

2013-жылдын ноябрынан 2014-жылдын январына чейин Лондондо квалификациясын жогорулатуу боюнча Кеңири билим берүү программасын аяктаган.

2014-жылдын март айында Рамил Хасан мырза Гарвард университетинин Жон Ф. Кеннеди атындагы Мамлекеттик башкаруу мектебинин Аткаруучу билим берүү бөлүмүнүн Жогорку даражалуу жетекчилер үчүн атайын программасын аяктагандыгы тууралуу сертификат менен сыйланган.

Рамил Хасан мырза Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин сунушу боюнча 2014-жылдын 5-июнунда өткөрүлгөн Түрк мамлекеттер уюмунун төртүнчү саммитинде Азербайжан, Казакстан, Кыргыз Республикасы жана Түркия президенттеринин чечими менен Түрк мамлекеттеринин Уюмунун Башкы катчысы болуп дайындалган.Хасан мырза 1-даражадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчи дипломатиялык рангынын ээси.

2017-жылы көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн абройлуу Кран-Монтана форумунун атайын Ардак медалы менен сыйланган.

2017–2019-жылдары Хасан мырза Женева шаарында (Швейцария) жайгашкан Спорттогу адилеттүүлүк боюнча Глобалдык Альянс эл аралык уюмунун (SIGA) вице-президенти болуп дайындалган. 

Ал бул кызматты эки жыл аткарган.

2020-жылдын 9-февралында өткөн Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоонун жүрүшүндө Рамил Хасан мырза башкаруучу "Жаңы Азербайжан" партиясы тарабынан көрсөтүлүп, Азербайжан Республикасынын Парламентинин мүчөсү болуп шайланган.Жалпы улуттук лидер Гейдар Алиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата 2024-жылдын май айында Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев мырза тарабынан "Гейдар Алиевдин 100 жылдыгы (1923-2023)" юбилейлик медалы менен сыйланган.

2024-жылдын 1-сентябрында өткөн Парламенттик шайлоодо Азербайжан Республикасынын Милли Межлисине (парламентине) кайрадан депутат болуп шайланган.

Рамил Хасан мырза 2025-жылдын 12-июнунда ТҮРКПАнын 14-пленардык отурумунда кабыл алынган Ассамблеянын чечимине ылайык ТҮРКПАнын Башкы катчысы болуп шайланган. 

2025-жылдын 15-октябрындан тартып ТҮРКПАнын Башкы катчысы катары өз милдеттерин аткара баштаган.

Англис, орус жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.

Үй-бүлөлүү, бир уулу жана бир кызы бар.