TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Бектур Базакечов

Бектур Базакечов

Башкы катчынын орун басарынын милдетин аткаруучу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү

2015-жылы Бишкек шаарындагы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых жана чөлкөм таануу факультетин аяктаган. 2015-2016-жылдары Түркиянын Измит шаарында Кожаэли университетинде түрк тили боюнча даярдоо курсун окуп, ошол эле университетте магистратурасын 2019-жылы эл аралык байланыштар департаментинде саясий тарых багыты боюнча бүтүргөн. 2024-жылы Бишкек шаарында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунда юриспруденция багыты боюнча билим алып, азыркы учурда аталган университеттин юридикалык институтунда мамлекеттик жана эл аралык укуктук ишмердүүлүк багыты боюнча магистратурада билим алууда.

Алгач эмгек жолун 2017-жылы “Ли Бай” эл аралык коомдук фондунда долбоор менеджери кызматынан баштаган. 2019-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын MEGA (Альфа Телеком) мамлекеттик уюлдук байланыш ишканасында тышкы байланыш адиси болуп иштеген. 2020-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинин директорунун жардамчысы болгон. 2021-жылы “ТЦ Мээрим” ачык акционердик коомунда директордун орун басарлык кызматын аркалаган. 2022-жылдын февраль айынан 2026-жылдын апрель айына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде депутаттык топтун лидеринин консультанты жана кеңешчиси, андан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары кызматтарында иштеген. Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси. 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ардак грамоталары жана 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Грамотасы менен сыйланган. Ал эми, 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” медалы ыйгарылган.

2026-жылдын май айынан тартып ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу катары иштей баштаган.