TURKPA

TÜRKPA-nyň işi hakynda maglumat almak üçin bizi sosial ulgamlarda yzarlaň

TÜRKPA-nyň işi hakynda maglumat almak üçin bizi sosial ulgamlarda yzarlaň

Sosial ulgam
Bekmurza Ergeshov

Bekmurza Ergeshov

Member of the Jogorku Kenesh of the Kyrgyz Republic
Vice-Chairperson of the TURKPA Commission on Economic Cooperation

1974-жылдын 27-апрелинде Ош облусунун Алай районунун Сопу-Коргон айылында туулган.

Жогорку билимдүү.

1991-1996-жж. КР Айыл чарба жана азык-түлүк министрлигинин Оштогу айыл чарба техникумун аяктаган. Кесиби боюнча — «Айыл чарбасын механизациялоо» адиси.

2000-2006-жж. Ош Гуманитардык Педагогикалык институтун аяктаган. Кесиби боюнча «Дене тарбия мугалими».

2009-2012-жж. Ош Технологиялык университетин аяктаган. Кесиби боюнча «Бухгалтердик учет, анализ жана аудит».

2020-2023-жж. Ош Технологиялык университетинде «Электр менен камсыздоо» адистигине ээ болгон.

Учурда Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинде окуйт.

Эмгек жолу:

1996-2000-жж. «Фармация » АК башкы машыктыруучусу;

2000-2003-жж. Ош областынын «Каратэ» федерациясынын башкы машыктыруучусу;

2003-2006-жж. Ош Гуманитардык педагогикалык институтунун мугалими;

2005-2010-жж. ДЮКФП-2 машыктыруучусу;

2008-2009-ж.ж. Ош шаарынын «Каратэ» федерациясынын президенти;

2010-2012-жж. Ош шаарынын ФК и С, ДЮКФП-2 директору;

2012-2020-жж. Ош областтык атайын монтаждоо-эскплуатациялоо башкармасынын башчысы;

2012-2016-жылдарда Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп «Бюджет комитетин жетектеген»;

2020-ж. - Оштогу муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын директору.

2021-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаты болгон;

2024-жылы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайлаган.

2025-жылы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын депутаты болуп кайрадан шайлаган.

Сыйлыктары:

2008-жылы КР дене тарбиясынын отличниги;

Кыргыз Республикасынын Каратэ боюнча спорт чебери;

2010-жылы дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КР Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы;

2014-жылы «Сетокан» каратэ-до мамлекеттик федерациясына кошкон салымы үчүн Ардак грамотасы;

2015-жылы Ош шаарынын жол коопсуздук жаатында көп жылдар жигердүү эмгектенгени үчүн Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланган;

2015-жылы «Кыргыз Туусу» гезитинин «Жылдын мыкты жетекчиси» диплому менен сыйланган;

2018-жылы «Жол коопсуздугун алдын алуу максатында кошкон салымы үчүн» КР Жогорку Кенешинин жана Ош областтык администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланган;

2022-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин «Ардак Грамотасы» менен сыйланган;

2023-жылы Алай районунун «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.