TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Бауыржан Даткаев

Бауыржан Даткаев

Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын катчысы

2001-жылы Абай хан атындагы Казак мамлекеттик эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк тилдер университетинин Чыгыш филологиясы факультетин бүтүргөн. 1998-2000-жылдары Түркиянын Конья шаарындагы Селжук университетинде стажировкадан өткөн.Экинчи жогорку билимин Т. Рыскулов атындагы Казак экономикалык университетинен алып, 2004-жылы «Эл аралык экономист» квалификациясы менен бүтүргөн. 2011-жылы «Болашак» Караганды университетинен укук магистратурасы, 2013-жылы Казакстан Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынан мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу магистратурасы даражаларын алган.Көп жылдар бою өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын изилдөөчү түзүмдөрдө ар кандай кызматтарды ээлеген. Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилис Аппаратында 14 жыл иштеген.2021-жылдын июнь айынан бери ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык комиссиясынын катчысы болуп иштеп келет.