Azamat Isirailov
Member of the Jogorku Kenesh of the Kyrgyz RepublicMember of the TURKPA Commission on Legal Affairs and International Relations
1988-жылдын 20-майында Ош шаарында туулган.
Жогорку билимдүү, 2012-жылы Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин алдындагы Юридикалык институтту аяктаган.
2013-жылдын январь айында «Карасу-Дан-Азык» ачык акционердик коомунун юристи.
2017-2019-жылдары Чүй облусуна караштуу Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын Уюштуруу маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жер пайдалануу бөлүмүнүн башкы адисинин милдетин аткаруучу.
2020-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгына караштуу Укуктук, кадр жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн Кадрлар секторунун башкы адиси.
2021-2025-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты.
2025-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын депутаты.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Ардак грамотасы, «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» юбилейлик медалы, «ИИМдин Кыргыз милициясына 100 жыл» медалы, «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 100 жыл» юбилейлик медалы, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 85 жыл» юбилейлик медалы жана Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин «Мамкурулуш» медалы менен сыйланган.
Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.