Бакуда Түрк мамлекеттердин диаспора жаштарынын биринчи форуму өттү
2023-жылдын, 26 сентябрь

2023-жылдын 26-сентябрында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Азербайжандын Диаспора иштери боюнча мамлекеттик комитети Түрк мамлекеттер уюму менен өнөктөштүктө уюштурган “Түрк мамлекеттердин диаспора жаштарынын биринчи форуму: Гейдар Алиев жана түрк дүйнөсү” темасында сөз сүйлөдү. Форум Азербайжандагы “Гейдар Алиев жылынын” алкагында өттү.

Иш-чарага Азербайжандын мамлекеттик кызматкерлери, Казакстандан, Кыргызстандан, Түркиядан, Өзбекстандан, Түркмөнстандан, Венгриядан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынан келген делегациялар, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана элчилер катышты.

Эки күндүк форум биргелешкен билдирүүнү кабыл алуу менен жыйынтыкталды.