Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын Казакстандагы окуялар боюнча билдирүүсү
2022-жылдын, 9 январь

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясы (ТҮРКПА) уюмга мүчө болгон Казакстан Республикасындагы окуялардын өнүгүшүнө кылдат байкоо салып, адамдардын өлүмүнө, мамлекеттик жана жеке менчикке зыян келтирген зордук-зомбулукка байланыштуу өкүнүчүн билдирет.

ТҮРКПА Казакстандын эли жана жетекчилиги менен тилектештигин билдирип, боордош казак элинин көп кылымдык даанышмандыгын эске алуу менен өз тарыхындагы бул оор мезгилди жеңип чыгаарына бекем ишенет. Түрк дүйнөсүнүн негизги түркүктөрүнүн бири катары Казакстан бул кырдаалдан татыктуу чыгып, өз элинин жыргалчылыгы үчүн тынчтык жолунда өнүгүүсүн уланта алат.

ТҮРКПА Казакстандын бийлиги Алматыда жана өлкөнүн башка ири шаарларында коомдук тартипти жана стабилдүүлүктү калыбына келтире аларына ишенерин билдирет. ТҮРКПА өз кезегинде боордош Казак элине ар кандай жардам көрсөтүүгө дайым даяр экенин билдирип, каргашалуу окуяларда каза болгон жарандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт.