TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак

ТҮРКПА Жаш парламентарийлер тобунун экинчи жыйыны

27 April 2023
Жаш парламентарийлер тобу

2023-жылдын 27-апрелинде Түркиянын Анкара шаарында “Атайын билим жана көндүмдөр – ТҮРКПА регионунда жаштардын жумушка орношуусунун кепилдиги” деген тема астында ТҮРКПАнын Жаш парламентарийлер тобунун экинчи жыйыны болуп өттү. Жыйын ТҮРКПАнын Он экинчи пленардык отурумунун алкагында болуп өттү.

Жыйынды Топтун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Улан Бакасов алып барды. Өз сөзүндө, Бакасов мырза ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердеги билим берүү системасын кайра карап чыгып, заман талабына ылайык түзүмдөштүрүү керектигин, ошондой эле мамлекеттик деңгээлде техникалык билимге болгон мамилени өзгөртүү боюнча кеңири пропаганда жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Уюмга мүчө мамлекеттердин парламентарийлери билим алуу, ишке орноштуруу кепилдиги, тажрыйба алмашуу программалары жана жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралар боюнча өздөрүнүн улуттук өнүгүү пландарына байланыштуу маалымат менен бөлүшүштү.

Жаш парламентарийлер тобунун экинчи жыйыны сунуштарды кабыл алуу жана Топтун үчүнчү жыйынынын темасын талкуулоо менен жыйынтыкталды.