ТҮРКПАнын Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын он биринчи жыйыны
2024-жылдын 14-майында Анкарада Түркия Улуу Улуттук Жыйыны тарабынан ТҮРКПАнын Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын “ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы эмгек миграциясынын шарттарын жеңилдетүү (улуттук мыйзамдардын жакындатуу)” аттуу он биринчи отуруму уюштурулган.
Жыйынды Комиссиянын Төрагасынын милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мүчөсү Улан Бакасов алып барды. Комиссия мүчөлөрү күн тартибиндеги маселелерди талкуулап, жыйындын негизги темасы боюнча пикир алмашышты.
Жыйындын жүрүшүндө миграциялык процесс жаатындагы тажрыйба, ошондой эле ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин ортосундагы эмгек миграциясынын шарттарын жеңилдетүү маселеси талкууланды.
Күн тартибиндеги маселелердин бири Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Социалдык мыйзамдар бөлүмүнүн башчысы Адил Велиев тарабынан даярдалган “Эмгек рыногунун талаптарына ылайык кадрларды даярдоо жөнүндө” моделдик мыйзам долбооруна арналды.
Комиссия негизги тема боюнча отчет жана сунуштамаларды, ошондой эле 6-июнда 2024 Бакуда өтө турган ТҮРКПАнын он үчүнчү пленардык отурумуна сунуштоо үчүн “Эмгек рыногунун талаптарына ылайык кадрларды даярдоо жөнүндө” моделдик мыйзамдын долбоорун жактырды.
Комиссиянын кезектеги жыйынын 2025-жылы Азербайжанда өткөрүү чечими кабыл алынды.