TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак

ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча Комиссиясынын алтынчы жыйыны

31 October 2018
Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар

2018-жылдын 31-октябрында Баку шаарында Азербайжан Республикасынын Милли Мажлиси тарабынан өткөрүлгөн ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча Комиссиясынын алтынчы сессиясына Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын депутаттары жана эксперттери катышты. Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселе "ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин терроризмге каршы мыйзамдары боюнча жалпы позициясын калыптандыруу" болду.

Жыйынды ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча Комиссиясынын төрагасы жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Исмет Учма мырза жетектеди. Катышуучулар терроризмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык келишимдерге катышуу зарылдыгын белгилеп, терроризмге каршы күрөшүү жаатында пикир алмашышты жана бул жаатта өз ара укуктук жардам берүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Комиссия 2018-жылдын 20-21-ноябрында Түркияда өтө турган ТҮРКПАнын сегизинчи пленардык жыйынында сунуштоо үчүн отчетун жана сунуштаманы жактырды. Отурумдун күн тартибине Катчылыктын жаңы каржылык регламенти, ошондой эле көрсөтүлгөн кызмат үчүн медаль жана медалдык сертификаттар жөнүндө жобону талкуулоо маселелери киргизилген.