TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак

ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын тогузунчу жыйыны

09 June 2022
Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар

2022-жылдын 9-июнунда ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын тогузунчу жыйыны виртуалдык форматта болуп өттү. Жыйындын негизги темасы “Тышкы саясий кызматташтыкта парламенттердин ролу” болгон.

Жыйынды Комиссиянын Төрагасы жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү Эрол Кая мырза алып барды. Иш-чарага Комиссиянын мүчөлөрү жана Катчылыктын өкүлдөрү катышты. Комиссия тиешелүү түрдө Комиссиянын Төрагасынын орун басары, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин мүчөсү Сауытбек Абдрахманов жана Комиссиянын Төрагасы Эрол Кая тарабынан сунушталган отчет жана сунуштамаларды бекитти. Документтер 2022-жылдын 23-24-июнунда Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында болуп өтө турган ТҮРКПАнын Он биринчи пленардык жыйынында сунушталат.

Ошондой эле алдыдагы 2023-2028-жылдарга карата Комиссиянын жыйындарынын темалары жана Комиссиянын алкагында иштелип чыга турган моделдик мыйзамдардын аталыштары боюнча катышуучуларга маалымат берилди. Комиссия ошондой эле ТҮРКПАнын "Сиңирген эмгек үчүн медалдар жана медалдардын күбөлүктөрү жөнүндө жобосуна" өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу талкуу жүргүздү.

Комиссиянын кезектеги жыйынын 2023-жылдын февраль айында Түркияда “ТҮРКПАнын 15 жылдыгы: мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы” деген темада өткөрүү чечими кабыл алынды.