TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак

ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын онунчу жыйыны

02 March 2023
Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер

2023-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан уюштурулган “БУУнун сапаттуу билим берүү боюнча туруктуу өнүгүү максатына жетүү үчүн пандемиядан кийинки шарттарда транс чек ара билим берүүнү өнүктүрүү боюнча ТҮРКПА мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгы” темасынын алдындагы Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиянын онунчу отуруму онлайн форматта болуп өттү.

Жыйынды Комиссиянын Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мүчөсү Айбек Осмонов мырза алып барды. Комиссия мүчөлөрү күн тартибиндеги маселелерди талкуулап, жыйындын негизги темасы боюнча пикир алмашышты.

Катышуучулар билим берүү жаатындагы кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Тараптар ошондой эле билим берүүнүн бардык баскычтарында жер титирөө жана башка табигый кырсыктар учурунда жарандык коргонуу боюнча сабактарды киргизүүнүн маанисине токтолушту.

Отурумдун жүрүшүндө парламенттик эксперттер ТҮРКПАга мүчө мамлекеттерде транс чек ара билим берүүнү ишке ашыруу тажрыйбалары тууралуу маалымат беришти.

Күн тартибиндеги маселелердин бири Комиссиянын атын “Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссия” деп өзгөртүү боюнча сунушту талкуулоого арналды.

Комиссия 2023-жылдын апрель айында Түркияда өтө турган он экинчи пленардык отурумда сунуштоо үчүн отчётту, сунуштамаларды, ошондой эле “Транс чек ара жогорку билим берүү жөнүндө” моделдик мыйзамдын долбоорун жактырды.